Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливия боюнча резолюцияны жактырды


Ливиянын аба мейкиндиги “учууга мүмкүн эмес зона” деп жарыяланды. Документте Ливиянын жарандарын Муамар Каддафинин авиа соккуларынан сактоодо “бүт зарыл чаралар” колдонулса болот делген. Буга чейин француз дипломаттары непада резолюция кабыл алынып калса, Франция менен Британия түндөн тарта эле Каддафинин күчтөрүнө каршы абадан сокку урууга даяр экенин кыйытышкан болчу. Британиянын тышкы иштер министри Уиллиям Хаг чечимди жылуу кабыл алганын айтып, ал ливиялыктарды мындан аркы да кан төгүүлөрдөн сактап калууга арналган деди.

Документти кеңеште 10 өлкө жактырды. Калыс калгандардын арасында Орусия, Германия, Кытай бар. Бул өлкөлөр резолюцияны өткөрбөй койгонго да вето укугу бар болчу, бирок андан колдонушкан жок. Кечээ Ливиянын жетекчилиги өлкөгө сырттан аскерий чабуул болсо, Жер ортолук деңиздин айланасындагы аскерий да, адамдар жашаган райондорду да аткылай баштаарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG