Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 19-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10 градус суук, күндүз 0…5 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн -5…-10 градус, күндүз 1…6 градус болоору күтүлүүдө. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10 градус суук, күндүз 1…6 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -18…-23, күндүз -1…-6 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -3…-5 градус суук, күндүз 2…4 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG