Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Кыргызстандын өкмөтү антикоррупциялык сайтты ишке киргизди


Коалициялык өкмөт коррупция фактылар боюнча арыз-даттанууларды интернеттеги сайт аркылуу ачык жарыялап, ага чара көрүп турмакчы. Ар бир Кыргызстандын жараны бул сайтка өзү билген, көргөн коррупциялык иштер жөнүндө маалымат жибере алат. Өкмөт ар бир келген кайрылууну көзөмөлгө алып, ал боюнча көрүлгөн чараларды жарыялап турат. Аталган сайт жөнүндө 18-мартта биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов ММК өкүлдөрүнө маалымат берди. “Коррупция элге билинип калат деп ачык-айкындыктан коркот. Биздин өкмөт ишке киришкенден баштап салык жагынан бюджеттин көлөмүн 22 млрд сомго көбөйттүк. Бул мурда көмүскөдө жаткан акчалар”,-деди Өмүрбек Бабанов. Өкмөттүн антикоррупциялык сайтынын дареги www.anticorr.gov.kg. (KC)

XS
SM
MD
LG