Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Жапонияда өзөктүк кубат бекетин кайра ишке киргизүү аракети уланууда


Инженерлер бүгүн жер титирөөдөн жана суу топондон улам жарылган "Фукусима Дайичи" атомдук электр бекетине элект кубатын алып келүүнүн үстүнөн иштеп жатышат. Электр кубаты болсо, ысып кеткен өзөктүк таштандыларды муздатып, нурланууну чектөө үчүн, бекетке суу алып келүүчү насосторду иштетүү мүмкүн болот. Мамлекеттик өкүлдөр өлкөнүн түндүк-чыгышындагы өзөктүк бекеттин төрт реакторуна электр жеткирүү мүмкүн болот деген үмүтүн билдиришти. Жапон бийликтери өзөктүк (ядролук) кризистин коркунучун жети баллдык шкалада төртүнчүдөн бешинчи баскычка көтөрүштү.
Украинадагы Чернобыл жарылуусу эң жогорку - жетинчи баскыч менен өлчөнгөн.
Жапон полициясы мындан туура бир жума мурдагы зилзала менен цунамиден курман болгондордун саны 7200гө жакындап, дагы 11 миң киши дайынсыз жоголуп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG