Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

ТИМ Йеменден кыргыз жарандарын алып келүү жолдорун кароодо


Тышкы иштер министрлиги Йемендеги кырдаалга байланыштуу ал жактан өз жарандарын алып чыгып кетүүнүн жолдорун издеп, эгер кырдаал курчуп кетсе Түркия, Орусия аркылуу алып келүү боюнча аталган өлкөнүн элчиликтери менен алдын ала сүйлөшүүлөр болгонун билдирди. Сауд Арапстандагы Кыргызстандын элчилигинин атташеси Алмазбек Усупбаев “Азаттыкка” бүгүнкү күнгө чейин Йеменден алып чыгып кетүүнү өтүнгөндөр боло электигин маалымдады.

Расмий маалыматка ылайык, Йеменде 29 кыргызстандык жаран бар жана алардын көбү бул өлкөнүн ар кайсы шаарларында дарыгер болуп иштешет. Йеменде бир нече айдан бери президенттин кетишин талап кылган нааразылык акциялар токтобой жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG