Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Йеменде генералдар эл тарапка өтө башташты


Йеменде президент Салехтин кетишин талап кылгандардын катарына жогорку кызматтардагы генералдар, дипломаттар, уруу аксакалдары кошула башташты. Алардын бири - армиянын генерал-майору Али Мохсен ал-Ахмар өз чечими жөнүндө Санаадагы кабарчыларга билдирди. Дагы 2 жогорку кол башчы жана ондогон офицерлер ал-Ахмардын жетекчилиги астында демонстранттарга кошулушканын эл алдында айтышты.
Бирок коргоо министри Мухамед Насер Али куралдуу күчтөр Салехке баш ийет деп билдирди. Өлкөдө бир нече айдан бери өкмөткө каршы демонстрациялар уланып, бийлик аларды басуу үчүн күч колдонуп келатат. Соңку күндөрү кагылышууларда ондогон киши каза тапты. Кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Йемендеги кыргызстандыктарды чыгарып кетүүнүн жолдорун караштырууда.

XS
SM
MD
LG