Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Коогалаңда жоголгондордун жакындары бийликке нааразы


Учурда Бишкекте Ак үйдүн алдында июнь тополоңунда жакындары дайынсыз жоголгон 30 чакты адам нааразылык акцияга чыгышты. Кабарчыбыздын маалымдашынча, алар жоголгондорду издөө иштери солгун жүрүп, табылган сөөктөрдүн кимдигин аныктоо өтө кеч болуп жатканына нааразы болуп жатышат. Акцияга чыккандардын айтымында кечээ, 21-мартта, Ошто президент Роза Отунбаева жана парламент төрагасы Акматбек Келдибеков менен жолугушууга аракет жасашкан, бирок майнап чыккан эмес. "Буга чейин бийликке бир нече жолу кат менен кайрылып, бирок жооп болгон жок, эгер эми талаптар аткарылбаса ачкачылык акциясы башталат", - дешет акцияга чыккандар.

Июнь коогасында 427 киши мерт болгон. Дагы 30дан ашуун адамдын дайыны чыкпай жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG