Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Пакистандын кенинде өлгөндөрдүн саны 43кө жетти


20-мартта Белужистан провинциясындагы Кветта шаарына жакын жердеги кенде метан газы жарылып, жер астындагы жумушчуларды басып калган. Көпчүлүк жумушчулар иске ууланып өлгөнү жана куткаруу иштери токтотулганы 22-мартта ырасмий түрдө маалымдалды. Коопсуздук инспектору Ифтикар Ахмеддин билдиришинче, кен коркунучтуу абалда экени эки апта мурда жарыяланган. Ага карабай ишкана ээси - өкмөттүк корпорация кен казууну токтоткон эмес.

XS
SM
MD
LG