Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:11

Ооган өкмөтү өлкө коопсуздугун өзүнө ала баштайт


Июль айынан тарта Ооганстандын жети аймагындагы коопсуздукту өлкөнүн коопсуздук күчтөрү камсыздайт. Бул Ооган өкмөтүнүн улут коопсуздугун толук өзү камсыздоосундагы биринчи кадам болмокчу жана 2014-жылга бүтүн өлкөдөгү коопсуздукка ооган армиясы менен полициясы жооп берип калууга тийиш. Президент Хамид Карзай 22-мартта билдиргенге караганда, оболу ооган армиясы Гелманд провинциянын борбору Лашкар- Га, батыштагы Герат, түндүктөгү Мазари-Шариф жана чыгыштагы Лагман провинциясындагы Мехтерлам шаарларынын коопсуздугун камсыздайт баштайт.

Азыр Ооганстандын бир катар аймактарындагы коопсуздук Эл аралык күчтөрдүн жардамы менен камсыздалат.

XS
SM
MD
LG