Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Ливиянын аба мейкиндиги тарууда


Коалициялык күчтөр төрт күндөн бери Ливиянын абадан коргонуу күчтөрүнүн өңүттөрүнө жана кургактагы аскерлерине, деңиз базалары менен аэропортторуна сокку урууда. АКШлык ырасмий булактардын билдиришинче, аба соккунун максаты - Улуттар Уюмунун резолюциясына ылайык - Ливиянын аба мейкиндигиндеги “учууга мүмкүн эмес зонаны” кеңейтүү. Бирок эл аралык коомчулукта БУУнун резолюциясы канчалык деңгээлде Ливияны бомбалоого уруксат берет деген талкуу күчөөдө жана миссияны ким жетектөөдө деген да суроо жаралууда. БУУнун Коопсуздук Кеңеши 17-мартта кабыл алган резолюция Ливиянын жарандарын Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөрдүн чабуулунан коргоого уруксат берет.

XS
SM
MD
LG