Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

"Фукусима-1де" кырдаал оңоло баштады


Жапониядагы кырсыкка учураган өзөктүк станцияда кырдаал оңолуп баратат, зилзала менен топон суудан набыт болгондордун саны өсүүдө.

"Фукусима-1" өзөктүк станциянын көзөмөл борборунда электр жарыгы берилди. Станциядагы бардык 6 реактордо кырсыктан бери биринчи жолу электр жарыгынын кабелдери туташтырылды.

Расмий тараптар эми реактордун иштен чыккан муздатуу системасын калыбына келтирүү иши тездик менен илгерилейт деген ишенимин билдирүүдө.

Эл аралык Өзөктүк кубат агенттиги радициялык уулуу заттар дагы эле абага чыгып жаткандыгын айтууда. Окумуштуулар болсо жылчык кайда экендигин так билбей жатышат.

Жапониядагы зилзала менен топон сууда дайынсыз жоголгондордун саны 24 миңге жеткени кабарланды.

XS
SM
MD
LG