Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

АКШ Ливиядагы аскердик күчтөргө жетекчиликти өткөрөт


Президент Барак Обама Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин армиясына каршы абадан сокку урган эл аралык күчтөргө жетекчиликти НАТОго өткөрүп бере тургандыгын билдирди.

Бул тууралуу 22-мартта президент Обама француз президенти Николя Саркози жана британ премьер-министри Дэвид Кэмерон менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдирди.

"Биз ливиялыктарды коргоп калууга көмөк көрсөтүүнү улантабыз, бирок биз операцияларга жетекчилик кылбайбыз",-деди президент Обама.

Азырынча Түндүк атлантикалык альянс Ливиянын аба мейкиндигин көзөмөлгө алуу милдетин өзүнө ала тургандыгын ачык айта элек.

"НАТО Ливияда согуштук курал жаракка эмбарго киргизүүнү чечти. Биздин бардык өнөктөштөр Улуттар уюмунун Ливиядагы зордук-зомбулукту токтотуу боюнча резолюциясына ылайык жоопкерчиликти тартуусу керек",-деп билдирди НАТОнун баш катчысы Андерс Расмуссен.

Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе Франция менен Британия эл аралык коалицияга кирген жана Араб лигасындагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин «саясий багыт берчү" органын түзүүнү сунуштады.

Ал ортодо козголоңчулардын карамагындагы Мисрата жана Зинтан, Триполинин түштүгүндөгү Йафран шаарларында Каддафинин күчтөрү менен оппозициялык топтордун кармашы болуп жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG