Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

7-апрель окуясы боюнча айыпталгандарга кошумча айыптары угузулду


7-апрель окуясы боюнча кечээ Бишкек гарнизондук аскер сотунда өткөн соттук кароодо мамлекеттик айыптоочу 28 айыпталуучунун бир канчасына айыптарын угузду.

Оболу мурдагы президент Курманбек Бакиевдин айыбы окулду. Ал "бийликти бир колго топтоо максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган", "коррупциялык схемаларды түзгөн", "7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарды атууга тиешеси болгон" делип айыпталууда. Ага кошумча К.Бакиевге "2002-жылы аксылыктарды атууга тиешеси болгон", "АКШ базасына ташылган авиакеросинден акциздик салыкты алып салган" деген айыптар тагылды.

Мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталиновго "7-апрелде демонстранттарды атууга тишеси болгон" деген айыптан тышкары, "“Түндүкэлектр” ишканасын сатуудагы коррупцияга катышы бар" деген айып кошумча окулду. Алар ошол кездеги УКМК жетекчисинин орун басары Марат Бакиев, мурдагы Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов менен биргеликте “Түндүкэлектр” ишканасын сатууда коррупциялык келишимдерди түзүп, өлкөгө 132 миллион доллар зыян келтиргени айтылды.

Негизги айыпталуучулардын бардыгы чет мамлекеттерде качып жүргөндүктөн, аларга издөө салынган. Сот кылмыш иштерин алардын катышуусуз кароодо. Эми сот процесси 28-мартта уланат.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 чиновникке жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголгон. Сот жараяны Бишкектеги спорт сарайында жүрүп, 30-ноябрдын таңында Спорт ордосунун жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG