Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Атаандаш өкмөт куралып жатат


Бүгүн атаандаш өкмөттүн премьер-министри Аликбек Жекшенкулов маалымат жыйын өткөрүп, аталган өкмөттүн айрым мүчөлөрү дайындалганын билдирди. Ага ылайык, Жалпы улуттук конгресстин 24-марттагы жыйынында экономикалык өнүгүү боюнча биринчи вице-премьер-министр болуп Жеңишбек Байгутиев, социалдык өнүгүү боюнча вице-премьер-министр Гүлниза Сейталиева, ички иштер министри Кырккелди Кыдырбаев, айыл жана суу чарба министринин милдетин аткаруучу болуп Манас Саматов дайындалды. Жекшенкулов атаандаш өкмөт ар кыл тармакты өнүктүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгып, сунуш катары расмий өкмөткө сунуштап турат жана конструктивдүү иштегенге аракет кылат, деп билдирди. Былтыр парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке өтпөй калган айрым партиялар Жалпы улуттук конгресске биригишкен болчу. Андан соң алар атаандаш өкмөт менен парламент түзүлгөнүн жарыялашкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG