Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Эл аралык комиссиянын сунуштары боюнча өкмөт топ түзөт


Июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен 3-майдагы маалымат жыйынында кыргыз бийлиги комиссия берген сунуштарды ишке ашыруу максатында атайын топ түзгөнү жатканын билдирди. Анын айтымында, расмий Бишкек корутундунун айрым жерлерине макул эмес жана каршы пикирлери бар. "Бирок берилген сунуштардын көпчүлүгүн колдойт", - дейт Килюнен. Эл аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, июнь кагылышында курман болгондордун 74 пайызын жана сот жообуна тартылып жаткандардын 80дей пайызын өзбек тектүү жарандар түзөт. Июнь коогасында 470ке жакын адам набыт болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG