Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:02

Румынияда АКШнын антиракеталык системасы орнотулат

Румыния-АКШ аралык келишимге ылайык, Румыниянын түштүгүндө Американын ракетадан коргонуу системасынын элементтери жайгаштырылат. Румын президенти Траян Бэсеску 3-майда Бухарестте журналисттерге: “Мен ракетага каршы системаны Олт округундагы Девеселу аскердик аба базага жайгаштырууга макулдук бердим. База румындардын командачылыгы астында болот”,-деп билдирди.

Болгариянын чек арасынан 30 чакырым жайдагы базада 200дөн 500гө чейин АКШлык аскер болот.

Президент Бэсеску антиракеталык система Орусияга каршы багытталбаганын эскертти.
XS
SM
MD
LG