Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

1-майдан тарта мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт


Өкмөттүн токтомуна ылайык, билим берүү, илим, маданият, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо кызматкерлери 1-майдан тарта жаңы система боюнча айлык ала баштайт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы “Азаттыкка” тастыктады.

Учурда ар бир мекеме өзүнө тиешелүү тактоолорду жасоодо. Ага ылайык, ар бир кызматкер өзүнүн категорияларына жараша айлык алышат. Салыштырып айтканда окуу жайды жаңы бүтүп, ишке орношкон жаш мугалим 2000 сом айлык алса, көбөйгөндөн кийинки маянасы алты миң сомду түзөт.

Өткөн жылдын соңунда өлкө мугалимдери маянаны жогорулатууну талап кылып, жер-жерлерде нааразылык акцияларды өткөргөн. Өкмөткө убакыт берип, эгер маяна көтөрүлбөсө жапырт иш таштоо болоорун эскертишкен. Айлыкты көтөрүү талабын дарыгерлер да көтөрүшкөн.

Ошондой эле өкмөт 1-майдан тарта пенсияларды 100 сомдон 600 сомго чейин көбөйтүү тууралуу токтомго кол койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG