Чехияда кармалган Кыргызстандын алты жаранына укуктук жардам берүү үчүн Австриядагы Кыргызстандын элчилигинин бир кызматкери жөнөп кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Кармалгандардын чоо-жайы тууралуу кошумча маалымат кийин берилерин кабарлады. Аталган министрлик Чехиядагы кыргызстандык жарандардардын жалпы санын тактап жатат. (EBM)