Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Пакистан өкмөт башчысы Батышты терроризмге каршы согушка үндөдү


Пакистандын өкмөт башчысы Юсуф Реза Гилани эл аралык коомчулукту терроризмге каршы согушта көмөктөшүүгө чакырды. Гилани 4-майда Парижде француз ишкерлери менен кездешүүдө “коопсуздук жана терроризмге каршы согушуу жалгыз бир өлкөнүн иши болбошу” керек экенин айтты. Ал мындай билдирүүнү "ал-Кайида" лидери Усама бин Ладен кантип беш жыл Исламабаддан 60 чакырымдай жайда беш жыл билинбей жашап жүргөнү боюнча Пакистан-АКШ ортосунда араздашуу курчуп турган учурда жасады.

XS
SM
MD
LG