Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

IPI: 2010-жылы дүйнөдө 101 журналист бейажал өлдү


Эл аралык басма сөз институту (International Press Institute) 4-майда билдиргенге караганда, өткөн 2010-жылы дүйнөдө 101 журналист өлтүрүлгөн. Бул 1990-жылдан берки экинчи чоң көрсөткүч. Журналисттер үчүн эң кооптуу регион - Азия. Былтыр Азияда 40 журналист курман болсо, алардын 15и Пакистанда өлтүрүлгөн.

Экинчи кооптуу регион - Америкада 32 журналист, анын ичинен Мексикада 12, Гондураста 10 журналист бейажал өлгөн. Акыркы беш жылда дүйнө жүзүндө 472 журналист өлтүрүлгөн. Алардын көбү Иракта жана Филиппинде набыт болушкан.

XS
SM
MD
LG