Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

"Барселона" "Манчестр Юнайтед" менен кайра беттешчүдөй


“Барселона” футболдук командасы 3-майда Европа чемпиондорунун кубогу үчүн болгон жарым финалдык беттеште Мардиддин “Реалы” менен тең чыкты, таймаш 1:1 эсебинде аяктады. Мурунку оюнда “Барселона” 2:0 менен утуп, финалга чыкты. Барселоналык футболчулар муну менен акыркы үч сезондо экинчи ирет чемпиондук үчүн ат салышат. Алардын атаандашы 2009-жылкыдай эле Англиянын “Манчестер Юнайтед” командасы болушу мүмкүн. “Манчестер” бүгүн түндө Германиянын “Шалке” командасы менен таймашат. Биринчи оюнду англиялык футболчулар 2:0 эсебинде жеңген.

XS
SM
MD
LG