Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

Шенген өлкөлөрү чек арадагы текшерүүнү күчөтмөк болууда


Еврокомиссия виза режимисиз Шенген өлкөлөрүндө чек ара контролун өзгө жагдайга байланыштуу күчөтүүнү сунуш кылды. Бул сунуш Италия жана Франция ортосунда Түндүк Африкадагы тополоңдон улам агылып келген миңдеген мигранттарды жайгаштыруу боюнча чыккан чырдан улам жасалды.

Биримдиктин ички иштер комиссары Сесилия Малмстром айым 4-майда жаңы сунуш Шенген келишимине доо кетирбесин билдирди:

- Менин оюмча, бул сунуш Шенгендин жалпы идеясын бузбаганы абдан маанилүү. Бу бир жактуу эмес жана өтө жакшы критерийге негизделген, убактысы да чектелүү европалык чечим. Антпесек, бүтүндөй системаны тобокелге салабыз.

Шенген келишимине 25 өлкө мүчө. Евробиримдик өлкөлөрүндөгү чек ара көзөмөлүн күчөтүү боюнча сунуш 12 майдагы атайын жыйында каралат.

XS
SM
MD
LG