Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

ТИМ Индонезияда кармалган кыргыз кызын экстрадициялоо аракетин көрөт


Ушул тапта Кыргызстандын Малайзиядагы консулу Азамат Кайбалиев Индонезияда жүрөт. Ал аталган өлкөдө маңзат менен кармалган Кыргызстан жараны Жибек Сакееванын ал-акыбалы менен таанышуу үчүн барган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лира Сабырова билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-27-май күндөрү Индонезияга иш сапары менен барат. Ал жакта көтөрүлчү маселелердин бири Сакеева тууралуу болуп, аны Кыргызстанга кайтаруу аракети көрүлөт. Мындан сырткары Индонезия менен Кыргызстандын кызматташуусун жандандыруу сүйлөшүлөт.

Кыргызстандык Жибек Сакеева Индонезияда камакта отурганын алгач “Азаттык” жазып чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG