Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 4-майда Коомдук телерадио корпорациясына курган маегинде Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ар-намыс” фракциясы жакында толугу менен коалициялык көпчүлүккө кириши ыктымал экенин билдирди.
Атамбаевдин айтымында, фракция лидери Феликс Кулов коалициялык келишим боюнча өзүнүн долбоорун сунуштады, долбоор азыр талкууланып жатат. Атамбаев “арнамысчылар” кошулса коалиция бекемделип, өкмөттүн туруктуу иштешине шарт түзүлөт деп белгиледи.
15-апрелде “Ар-намыстын” 10 депутаты коалициялык көпчүлүккө кошула турганын жарыялашкан болчу. (EBM)