Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


5-8 май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Кыргызстандын тоолуу жана этектериндеги аймактарда сел жүрүп, кыян капташы мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлөт.

9-10-май күндөрү Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл менен Нарындын дыйканчылык аймактарында, Чүйдүн тоо этектеринде, Алай, Базар-Коргон, Аксы жана Лейлек райондорунун айрым жерлеринде абанын температурасы -2 градуска түшүп үшүк жүрөт. Мындай үшүк жаңы өнгөн мөмө-чөмөлүү өсүмдүктөргө, жашылча-жемишке зыян алып келиши мүмкүн.

6-майда Кыргызстанда жаан жаап күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 16…21 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 18…23 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 2…7 градус жылуу.

Бишкекте 6-майда жаан жаап, күн күркүрөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11... 13, күндүз 16... 18 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG