Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Иракта террордук чабуулдан 20 кишинин каны төгүлдү


Ирактын Хилла шаарында унаага коюлган бомба жарылып, кеминде 20 киши өлдү, 40тан кем эмес адам жарадар болду. Бийликтердин айтышынча, жанкечти бомба катылган унаа менен шаардык полициякананы барып сүзгөн. Жардыруудан полицияканага удаалаш жайгашкан бир нече имарат да катуу зыян тарткан. Хилла - Ирактын байтакты Багдаддан 100 чакырымдай түштүктөгү шаар.

XS
SM
MD
LG