Сирияда жума намазынан кийинки нааразылык акцияларын алдын алуу үчүн коопсуздук күчтөрү бир катар шаарларга тартылууда. Күбөлөрдүн айтымында, аскерлер Банияс шаарынын айланасына жайгаштырылды. Укук коргоочулардын эсебинде Дамасктын жанындагы Сакба деген жерде 200дөй киши камакка алынды. Айрым маалыматтарга караганда, соңку апталарда Сирияда 500дөн ашуун демонстрант набыт кетти. Тартип коргоочулар менен кагылышууларда ошондой эле миңдеген киши жарадар болду же камакка алынды.