Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Аба ырайы: сел коркунучу жогору


6-8 май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүп, кыян капташы мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлөт.

9-10-май күндөрү Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Ысык-Көл менен Нарындын дыйканчылык аймактарында, Чүйдүн тоо этектеринде, Алай, Базар-Коргон, Аксы жана Лейлек райондорунун айрым жерлеринде абанын температурасы -2 градуска түшүп үшүк жүрөт. Мындай үшүк жаңы өнгөн мөмө-чөмөлүү өсүмдүктөргө, жашылча-жемишке зыян алып келиши мүмкүн.

7-майда Кыргызстанда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаайт, бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24 градус жылуу.

Бишкекте 7-майда маал-маалы менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10... 12, күндүз 20... 22 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG