Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Мырзакматов: Бир да бизнес тартып алынган эмес


Ошто былтыркы кандуу кагылыштан кийин ээлери качып кеткен бизнес ишканаларга рейдерлик болбогонун Ош шаар мэри Мелис Мырзакматов "Азаттыкка" маегинде тастыктады. Ал бул өңдүү сөздөрдү жалган деп атады. "Мисалы, мэрияга бир да ишкана, ресторан басылып алынганы тууралуу арыз жок", - деди Оштун башчысы.

Мырзакматов ошондой эле июнь окуялары боюнча эл аралык комиссиянын сунуштарына карата да оюн ортого салды. "Милиция, прокуратура жана сот органдарына өзбек тектүү кызматкерлер санын көбөйтүү тууралуу сунуш боюнча айтаарым: биздин эл, биздин регион соодага жакын. Бул органдарда айлык аз, андан көрө соодадан көбүрөөк акча табышат. Муну да эске алуу керек", - деди Ош шаарынын мэри "Азаттыкка". (SJ)

XS
SM
MD
LG