Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Обама: "ал-Кайида" лидерсиз калды


АКШ Усама бин Ладенди өлтүрүп, “ал-Кайиданы” башы жок калтырды. Мындай билдирүүнү президент Барак Обама жума күнү (6-май) Кентуки штатындагы Кемпбелл фортунда бин Ладенди Пакистанда жок кылган тандалма аскерлер менен кездешүүдө жасады:

"Эң негизгиси Пакистандагы жана Ооганстандагы башкы максатыбызга жетүүдө прогресс бар. Бул биз биротоло жеңчү “Ал-Кайиданы” бүлүнтүү жана жок кылуу болду. Биз алардын башын кесип салдык, аларды жеңерибизде күмөн жок".

Президент Барак Обама аскерлерге ыраазылыгын да айтып, 2001-жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттарда чабуулду уюштурган бин Ладен “Америкага экинчи коркунуч туудурбайт” деди.

XS
SM
MD
LG