Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Отунбаева: Улуу Жеңишке Кыргызстандын да салымы чоң


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева Бишкектеги Жеңиш аянтында өткөн Улуу Жеңиштин 66 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүндө белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандан аскерлер гана жиберилбестен азык-түлүк, ок-дары жөнөтүлүп турганын, Жеңиштин баасын кийинки муунга сабак кылуу керектигин айтты. Согушта курман болгондор эскерилип, Бишкек аскердик гарнизонунун салтанаттуу жүрүшү өттү. Мындан кийин ардагерлерге согуш учурундагыдай тамак берилди. Эскерүү салтанатына президент баштаган расмий адамдар, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери катышты.

Улуу Ата Мекендик согушка баш-аягы 363 миңдей кыргызстандык катышкан. Социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда азыр 1979 согуштун, 8380 ооруктун ардагери бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG