Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

Пакистан өкмөт башчысы сын сөздөрдү четке какты


Премьер-министр Юсуф Реза Гилани Усама бин Ладендин АКШ аскерлери тарабынан Пакистандын аймагында өлтүрүлүшү Ислмабаддын компеттентүү эместигин көрсөттүү деген айыптоолорду четке какты. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө Гилани: "Ал-Кайиданын лидерин жашырууга катышыбыз бар, же компетенттүү эмеспиз деген ишааралар акылга сыйбас. Биз мындай айыптоолорду четке кагабыз. Андай спекуляциялар элдин маанайына терс таасир тийгизет", - деди.

Пакистан өз армиясына жана чалгындоо кызматтарына толугу менен ишенет, - деген Гилани бин Ладен Абботтабад шаарында ушунча жыл билинбей кантип жашап жүргөнү иликтенет деди. Жекшембиде Си-Би-Эс каналынан көрсөтүлгөн интервьюсунда АКШ президенти Барак Обама ал-Кайиданын ана башы Пакистандын ичинде кайсы бир күчтөрдүн колдоосуна ээ болгон деген божомолун айткан эле. Бин Ладен 2-майга караган түнү Исламабаддын жанындагы Абботтабад шаарындагы үйнөн АКШ армиясынын атайын күчтөрү тарабынан жок кылынган.

XS
SM
MD
LG