Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Мугалимдер митингге камынууда


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мугалимдери айлык акынын май айынан баштап көтөрүлгөнү тууралуу маалымат толук жетпей жатканына нааразы болушууда. Базаркоргондук мугалим Калил Карабаев эки күн ичинде өкмөт маянынан көбөйгөнү боюнча расмий маалымат бербесе мугалимдер иш таштай турганын “Азаттыкка” кабарлады.

Каржы министрлигинин маалымат кызматы 1-майдан тарта мугалимдердин айлыгын көтөрүү тууралуу өкмөттүн токтому чыкканын “Азаттыкка” тастыктаган. Ага ылайык, билим берүү, илим, маданият, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо кызматкерлери 1-майдан тарта жаңы система боюнча айлык ала баштайт. Учурда ар бир мекеме өзүнө тиешелүү тактоолорду жасоодо. Салыштырып айтканда окуу жайды жаңы бүтүп, ишке орношкон жаш мугалим 2000 сом айлык алса, көбөйгөндөн кийинки маянасы алты миң сомду түзөт.

Өткөн жылдын соңунда өлкө мугалимдери маянаны жогорулатууну талап кылып, жер-жерлерде нааразылык акцияларды өткөргөн. Өкмөткө убакыт берип, эгер маяна көтөрүлбөсө жапырт иш таштоо болоорун эскертишкен. Айлыкты көтөрүү талабын дарыгерлер да көтөрүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG