Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Шварценеггер 25 жылдан кийин аялы менен ажырашты


Калифорния штатынын мурдакы губернатору жана киножылдыз Арнолд Шварценеггер аялы менен 25 жыл чогуу жашаган соң ажырашты. Аялы, 53 жаштагы Мария Шрайвер АКШнын кол салуудан өлгөн президенти Жон Кеннединин жээни. 63 жаштагы Шварценеггер 7 жыл губернатор болуп, бийлик мөөнөтү январда аяктаган. Шрайвер айым күйөөсү губернатор болуп шайланганга чейин жергиликтүү телеканалда жаңылыктарды окучу. Шварценеггер губернаторлуктан кеткенден кийин кино тарткысы келгенин айткан. Маалыматтарга караганда, “Терминатор” фильминин уландысын тартуу жөнүндө сүйлөшүлөр жүрүүдө.

Эрди-катындын ажырашуу себеби белгисиз. Бирок билдирүүдө экс-жубайлар төрт баласын чогуу тарбиялаары айтылат.

XS
SM
MD
LG