Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Германия Грекияга финжардам бергенге ашыкпайт


Грекиянын финансылык абалын эксперттер текшерип чыкмайынча, Германия Афинанын жаңы финансылык жардам жөнүндөгү өтүнүчүнө өз жообун айтпайт. Немес канцлери Ангела Меркел бул тууралуу 10-майда Берлинде билдирди. Учурда Еврокомиссиянын, Европа Борбордук Банкынын жана Эл аралык валюта фондунун адистери Грекиянын финансылык абалын текшерүүдө. Бир жыл мурда Афины финансылык кризистен сактануу үчүн 110 миллиард евро карыз алган. Грекияга финансылык көмөк көрсөтүү маселесин евромейкиндиктин финансы министрлери 16-майда талкуулашат. Июнда Афиныга 60 миллиард евро жаңы жардам берилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG