Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

АКШнын авиачабуулу төрт согушчанды катардан чыгарды


Пакистандын чалгындоо кызматтарынын маалымдашынча, 10-майда АКШнын пилотсуз учагынын чабуулунан Ооганстанга чек аралаш аймакта согушчан деп шектелген төрт адам, анын ичинде үч арап өлгөн. Атын атабоону сураган ырасмий адамдын сөзүнчө, пилотсуз учактан атылган эки ракета Түштүк Вазиристандын Бахар өрөөнүндө бараткан автомобилге тийген. Уруулардын ээлигиндеги регионду пааналаган согушчандар чек аранын Ооганстан жагындагы АКШ жана НАТО күчтөрүнө үзбөй кол салып турат.

Бул АКШнын пилотсуз учактарынын ай башында “ал-Каиданын” лидери Усама бин Ладен Абботабадда өлтүрүлгөндөн берки экинчи ирет Пакистандын аба мейкиндигине кирип, чабуул жасоосу.

XS
SM
MD
LG