Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

Мугалимдердин айлык акысы тууралуу түшүндүрмө берилет


Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин адистери мугалимдердин айлык акысынын көтөрүлүшүнө байланыштуу түшүндүрмө берүү үчүн түштүккө жөнөп кетишти. Билим министринин орун басары Гүлжигит Сооронкулов ушул эле топ кийин түндүктөгү облустарга барарын "Азаттыкка" билдирди.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун мугалимдери айлык акынын май айынан тарта көтөрүлгөнү тууралуу маалымат толук жетпей жатканына нааразы болушууда. Алар эки күн ичинде өкмөт маянынан көбөйгөнү боюнча расмий маалымат бербесе мугалимдер иш таштай турганын “Азаттыкка” билдиришти.

Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен 1-майдан тарта мугалимдер жаңы система боюнча айлык ала баштайт. Ага ылайык маяна үч эсе көбөйтүлүп берилет.

Өткөн жылдын соңунда өлкө мугалимдери маянаны жогорулатууну талап кылып, жер-жерлерде нааразылык акцияларды өткөргөн. Өкмөткө убакыт берип, эгер маяна көтөрүлбөсө жапырт иш таштоо болоорун эскертишкен. Айлыкты жогорулатуу талабын дарыгерлер да көтөргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG