Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Коогалаңда набыт болгон жана жоголгондордун жакындары 1 млн. сом алат


Буга байланыштуу токтомго премьер-министр Алмазбек Атамбаев 10-майда кол койду. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, токтом 2010-жылы орун алган июнь коогасында набыт болгон жана дайынсыз жоголгондордун жакындарына материалдык жардам көрсөтүү максатында кабыл алынды. Ушул эле токтомго ылайык, июнь коогалаңында жабыркагандар 50 миң сомдон жардам алышат.

2010-жылы июнь айындагы улуттар аралык жаңжал учурунда 400дөн ашуун адам каза болуп, эки миңден ашууну жараат алган. Ондогон адамдар ушул убакытка чейин дайынсыз. (КЕ)

XS
SM
MD
LG