Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Улут аралык мамилени чагылдырууда журналисттердин ролу талкууланууда


Журналисттер улуттар аралык мамилени чагылдырууга адистешкен эмес. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстандагы улуттар аралык мамилени чагылдырган маалымат каражаттарын колдоо” деп аталган жыйында белгиленди. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, жыйында 1990-жылдан бери Кыргызстанда алты жолу улут аралык жаңжал болгону, ушул маселелерди чагылдырууда көп журналисттердин тажрыйбасы, билими жетпей жатканы айтылды.

Адистер улут аралык мамилелерди түшүнүү менен, эч бир тарапка тартпай, калыс жана кайсы бир улутка зыяны тийбегендей макала жазуу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле журналисттерди ар кандай ушактарга эмес, расмий булактарга таянууга чакырышты. Иш-чараны "Мекен маданияты" деп аталган коомдук фонд өткөрүп жатат.

Өткөн жылы Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышта 400дөн ашуун киши набыт болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG