Ушул тапта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 миллиард 363 миллион куб метрди түзүп жатат. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коомунан билдиришти. Сутка ичинде суу көлөмү 7 млн. кубметр, ал эми агымы секундасына 631 кубду түздү. Ал эми Камбар-Ата ГЭС-2-де суу көлөмү 17 млн. кубметрге жетти. 12-майга карата суунун агымы секундасына 472 кубду көрсөтүүдө. (EK)