Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:41

ЖК комитети эл аралык комиссия отчетуна баасын берди


Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия ишинин корутундусу боюнча билдирүү таратты. Анда аталган комитет Киммо Килюнен башында турган эл аралык комиссиянын отчету Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна шек келтире турган документ катары баалаганы айтылат. Ошондой эле Коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети жакын арада өкмөттү жана президенттин аппаратын отчет боюнча Жогорку Кеңеште комментарий берүү сунушун киргизди. Билдирүүдө комитет эл аралык комиссиянын өлкө аталышын “Республика Кыргызстан” деп атоо сунушун киргизүүсүн чекилик деп баалады. (EK)

XS
SM
MD
LG