Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

Ливияда телеканал көптөн бери көрүнбөгөн Каддафини чыгарды


Мамлекеттик телеканал лидер Муаммар Каддафи уруу башчылары менен жолугушканын кечээ көрсөттү. 30-апрелде НАТОнун аскерлери Триполиде Каддафинин резиденциясына абадан сокку урушкандан бери андан дайын жок эле. Ал арада козголоңчулар Мисрата шаарындагы аэропортто көзөмөлдү колго алышканын, ал жактан өкмөттүк аскерлерди сүрүп чыгарышканын билдиришкен. Бириккен улуттар уюмунун атышууларды токтотуу чакырыгына макул болбогон козголоңчулар өлкөнү 41 жылдан бери башкарып келаткан Муаммар Каддафиге каршы күрөшүүдө.

XS
SM
MD
LG