Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Нью-Йорк: синагогго кол салууну пландаган 2 киши кармалды


Полиция Манхеттендеги синагогго чабуул коюу максатында куралданган теги түндүк африкалык эки адамды камакка алды.

Нью-Йорк шаарынын мэри Майкл Блумберг "алар белгисиз офицерден бир нече жардыруучу зат жана граната сатып алып, Манхеттендеги башкы синагогду жок кылууну көздөшкөн" деп билдирди. Полиция башчысы Раймонд Килли кармалгандардын бири АКШ жараны, экинчиси мыйзамсыз жүргөн адам экендигин маалымдады.

АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдан кийин 13-ирет исламчылардын кол салуу аракети катталгандыгын расмий тараптар айтышат.

XS
SM
MD
LG