Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Журналисттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” 5-каналдын токмоктолгон журналисти Самат Асиповдун кесиптеши Аскат Алагөзов билдирди. Бул ишти Ленин райондун ички иштер бөлүмү иликтейт. Ушул тапта кол салган адамдар изделүүдө.

11-майда кечки саат 10 чамасында 5-каналдын кабарчысы Самат Асиповду Кыргыз техникалык университетине жакын жерде белгисиз үч адам сабап кеткен.

Быйылкы жылы ушуну менен төртүнчү журналистке кол салынды. Буга чейин “Алмаз” радиосунун кабарчысы Н.Кушназарова, “Тазар” интернет-басылмасынын редактору Э.Токтогулова, “Интерфакс” агенттигинин Оштогу кабарчысы Ж.Бекбаева сабалган болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG