Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Беларуста дагы алты оппозиционер соттолду


Беларуста былтыр 19-декабрдагы президенттик шайлоодон кийинки өкмөткө каршы демонстрациянын алты катышуучусу соттолду. 12-майда Минск шаардык соту оппозициянын алты мүчөсүн "мыйзамсыз чогулду жана коомдук тартипти бузду" деп тапты. Алардын алды 3,5 жылга кесилгени маалымдалды. Буга чейин ушундай эле айып менен 20 чакты адам соттолуп, алды төрт жылга түрмөгө кесилген.

Прокурор митингди уюштурду деп айыпталып жаткан оппозиция лидери Андрей Санников 7 жылга соттолсун деп соттон сурады. Анын сөзүнчө, Санниковдун адамдарды 19-декабрда көчөгө чыгууга үндөгөнүн тастыктаган тасмалар бар. Санников 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG