Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Митингчилер мэрдин кызматтан кетүүсүн талап кылууда


Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары жана Ош базарынын сатуучулары бүгүн Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүдө. Нааразылык акциясынын катышуучулары 11 талап коюшкан. Алардын арасында “Кумтөр” алтын кени, “Кыргызнефть”, түштүктөгү коогалаңды иликтеген эл аралык комиссиянын отчету жана Бишкекте биолаборатория курууга байланыштуу талаптар бар.

Митингге 49 партия жана ар кандай бирикмелердин өкүлдөрү катышып жатат. Алардын арасында “Асаба”, “Мекен үчүн” партиялары, “Апрель революциясынын баатырлары” кыймылы бар. Чогулгандар Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркуловдун кызматынан кетүүсүн талап кылууда. (KR)

XS
SM
MD
LG