Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Кыргыз-кытай кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу 13-майда Алматы шаарында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында өттү. Жолугушууда коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
XS
SM
MD
LG