Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:58

“Айкөл Манас” дастаны казак тилинде жарык көрдү


Улуттук китепканада “Айкөл Манас” дастанынын казак тилине которулган вариантынын 1-томунун бет ачары өттү. Буга чейин бул дастандын 10 тому кыргыз тилинде жарык көргөн.

“Бийиктик” басмасынын жетекчиси Жумадин Кадыров ушул тапта дастанды англис тилине которуу аракеттери көрүлүп жатканын "Азаттыкка" маалымдады.

Дастандын текстин казактын белгилүү төкмө акыны Майра Керим кызы которгон. Казак тилине которулган бул дастан анын акыркы иши болуп калган, себеби 2009-жылы Майра Керим кызы катуу оорудан көз жумган. (KR)

XS
SM
MD
LG