Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:09

Сенатор Керри "ал-каидачыларга" кеңеш айтты


АКШлык сенатор Жон Керри 15-майда Кабылда Ооган президенти Хамид Карзай менен кездешти. Сенаттын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Керри “Эркин Ооганстан” радиосуна берген интервьюда, бин Ладен жок кылынып, “ал-каидачылар” менен талиптерге куралын таштоого мезгил жеткенин айтты:

- Усама бин Ладендин өлүмү өтө чоң жетишкендик жана ар бир адамга эмне болуп жатканын ойлонууга жаңы мүмкүндүктү берет. Бул адамдарга куралдарын таштоону ойлоого, талиптер үчүн биздин зобун-зордук жасагандарды жоопко тартуу аракетибизди түшүнүүгө өзгөчө мүмкүндүк берет.

Дипломаттык булактардын маалымдашынча, Жон Керри дүйшөмбү күнү Пакистандын президенти Асиф Али Зардари, премьер-министри Юсуф Реза Гилани жана башка ырасмий адамдар менен кездешет. Бул АКШлык даражалуу саясатчынын ай башында бен Ладен өлтүрүлгөндөн бери Пакистанга жасаган биринчи сапары болот. “Ал-Каиданын” лидеринин 2-майда Исламабадга чукул жерде жок кылынышы - эки өлкө арасындагы мамилени бир кыйла осолдотуп койгон.

XS
SM
MD
LG