Эл аралык валюта корунун жетекчиси Доминик Стросс-Кан Нью-Йоркто сотко келери күтүлөт. 14-майда Стросс-Кан Нью-Йорктон Парижге жыйынга аттанаар алдында полиция учакка түшүрбөй кармаган.
Полиция ага "сексуалдык жакындашууга мажбурлап, зордуктоого аракет кылган" деген кине таккан. Мейманкана кызматкери болсо Стросс-Канды кылмышкер делген адамдардын ичинен тааныган. Стросс-Кан болсо өзүнө тагылган айыпты четке кагууда.
Анын адвокаты Уиллям Тейлор жекшембиде өтчү сот бүгүнкүгө жылдырылганын билдирген: "Биздин кардар өкмөттүк тараптын талабы боюнча медициналык тастыктоодон өттү. Андан соң жолугушууну эртеңкиге калтырдык. Эртең сотко барууга камынып жатабыз", деген адвокат Стросс-Кан чарчап турганын, бирок абалы жакшы экенин айтты.
62 жаштагы Стросс-Кан Эл аралык валюта коруна 2007-жылы жетекчи болуп, глобалдык кризис маалында дүйнөлүк уюмдун башында турган. Ошондой эле ал Францияда 2012-жылы өтчү президенттик шайлоого социалисттерден талапкер катары катышуусу мүмкүн болчу.